Пайдалуу кеңештер

Врач: инфекцияны жуктурууга каршы иммунитетти прополис чыңдайт

Москвалык кардиолог Владимир Хорошев организмди чыңдап, ар түрдүү инфекцияларга каршы күрөшүүдө чоң жардам көрсөтө турган өтө эффективдүү анан арзан  жолун айтты. Эксперт адамдын иммунндук системасын  прополистин  спирттеги тундурмасы (настойка) чыңдайт деди.  Бул туурасында Sputnik радиосу 6-апрелде билдирди.

“Иммундук системаны стимулдаштыруучу өтө күчтүү, өтө жакшы препараттар бар.Коронавиурс пандемиясынын учурунда мен адамдарга прополистин спирттеги тундурмасын сунуштайт элем. Мындай тундурма иммундук системага өтө жакшы таасир этет. Прополис иммундук системанын иштешине стимул берет да организмдин  коронавирус жуктуруусун азайтат” деген сөзүн Sputnik радиосу цитаталаган.   

Прополистин даяр тундурмасын дарыканада, же балчылардан (пасечник) сатып алса болот. Болбосо прополистин тундурмасын үйдөн деле даярдоого мүмкүн. Эгер үйдө прополис болсо, аны майдалап туруп спиртке же аркка чылап, бир топко коюп коюш керек.

“Прополистин дозасына жараша 10-15 же 20 проценттүү спирттеги тундурма пайда болот” , деди Хорошев.

Кардиолог прополистин тундурмасы оорудан дарылабай турганын, а организимдин илдетти жуктурууга каршы өзү күрөшө турган иммунитетти чыңдоочу каражат экенин эскертти. Максималдуу эффект болуш үчүн инструкцияны караш керек деди адис.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button