Коом
Индияга турист катары барып, даваатка чыккан кыргызстандыктар кармалышты

Индияга даваатка барган кыргызстардык сегиз жаран “таблиги жамаат” кыймылынын мүчөлөрү Бидаре шаарында карантинге алынышты. Алар виза режимин бузганы үчүн кармалып турушат. Бул тууралуу Outlook India басылмасы жазып чыкты.
Жергиликтүү тартип сакчыларынын айтымында алар Кыргызстандан турист катары келишип, бирок дин ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн, бул виза режимин бузгандык болуп эсептелет дейт.
Кыргызстандын жарандары Тилек Ташматов жана Бегалы Анаралиев Индияга 10-мартта барып, Бидара мечитинде ислам дини боюнча иш чара өткөрүшкөн.
Бул кыргызстандык жарандарды Раткалпур мечитинин жанындагы мейманканага карантинге жаткырышты.
Abal.kg



