Коом

Коронавирус. Ат-Башы районунда даваатка барган эки кишиден аныкталды

Ат-Башы районунда түштүк регионго дааватка барып келген эки адамдан коронавирус табылган. Нарын облусунда беш кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус жуктурганы аныкталган адамдар кайсы аймактан экенин айтты.

Бүгүн дагы 42 жаңы учур катталып, өлкөдө COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 270ти түздү.

  • Бишкек шаарында 10 адам, анын ичинен бирөө медицина кызматкери. Калган тогуз киши сырттан жугузуп келген;
  • Чүй обулсунда экөө;
  • Нарын облусунда бешөө, анын экөө сырттан келген, үчөө ич ара байланыштан жугузган;
  • Жалал-Абад облусунда бирөө, байланыш аркылуу жугузган;
  • Ош облусунда 24 адамдан табылды, сегизи чет өлкөдөн келген, 16сы жергиликтүү тургун. Анын ичинен 12си медицина кызматкери;

Бул аныкталган адамдар кичи ажылыктан, Москвадан, Пакистандан келгендер экени айтылды. Ал эми Ат-Башы районунда түштүк регионуна дааватка барып келген эки адамдан коронавирус табылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button