Дүйнө
Түндүк Грециянын үстүндө укмуштуу көрүнүш пайда болду (фото)

Грециянын тургуну Александрос Камплицис укмуштуудай көрүнүштү тартып алган. Муну Pogoda.mail.ru жарыялады.
Гигант козу карын формасындагы булуттун сүрөтү, 7-апрелде Грециянын Түндүк Македония менен чектешкен Нидже тоосунун үстүндө тартылып алынган.

Фотодогу лентикулярдуу булут(линза түрүндөгү) — өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш. Мындай булуттар абадагы толкундардын түрмөгүнөн, же абанын эки катмарынын ортосунда пайда болот.
Төмөндө лентикулярдуу булуттун жер шарынын ар кайсы жерлеринде тартылып алынган укмуштуудай кызыктуу фотолорун көрөсүздөр.








Abal.kg