Кипрде окуп, иштеп жаткан жаштар абдан оор абалда калдык деп кайрылуу жасашты(видео)

Учурда чет мамлекеттерде иштеп, окуп жаткан жарандарыбыздын абалы да ундөн күнгө оорлоп жатканы тууралуу ар кандай кайрылуулар келип түшүүдө. Азыркы тапта Кипрде окуп, иштеп жаткан кыргыз жаштары Президентке, Премьер-министрге, спикерге жардам сурап, кайрылуу жиберишти.
“Урматтуу Сооронбай Жээнбеков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Дастан Жумабеков! Биз Кыргыз республикасынын жарандары азыркы учурда Түндүк Кипрде билим алып жана иштеп жатабыз. Азыркы оор кырдаалда бизге жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Бул жакта окуу жана жумуш жайлар токтотулуп жабылды. Азык-түлүктун бааралы кымбаттап, жатаканалар карантинге жабылып жатат. Күндөн күнгө каражаттарыбыз түгөнүп, абдан оор абалда калдык. Мекенибизге өз алдынча кайталы десек бүт авиакаттамдар токтолуп, аэропорттор жабылып калды. Биз жарандардын тизмесин түзүп, элчиликке бир нече жолу кайрылдык. Бирок тилекке каршы жооп ала алган жокпуз. Ошондуктан бул маселени сиздердин тез чечип берүүңүздөрдү суранабыз”,- деп айтышты.
Abal.kg



