Маданият

Чыныны спирт менен тазалаган «чудак» Астар Тыналиев

Кыргыз музыкасына барандуу салымын кошкон таланттуу композиторду кыргыздын маданият чөйрөсү өтө жакшы тааныйт. Дайыма чыкыйып жүргөн арыкчырай бул адам, сексенди желкелеп турса да, чырайы жаш эле бойдон. Баарынан да Астар аганын бир «чудаковатый» жоругу советтик доордо анын кесиптештеринин оозунан түшпөй жылмайтчу.

Асатар Тыналиев жарым кылымдан эчак эле ашкан чыгармачылык жолунун ичинде 200гө чамалаган ырларды, романстарды жараткан. Алардын ичинен камдимки Жумамүдүн Шералиев менен биргелешип акын жана драматург Кадырбай Мамбетакуновдун “Укей” драмасын музыканын тилине которгон. Айтылуу Боогачы менен ашыгы Уулкандын (Укей) ортосундагы махабатты даңазалаган бул музыкалык драма Нарын областтык М. Рыскулов атындагы муздрама театрында эки ирээт чыгармачылык чоң ийгилик менен коюлду.

Астар ага Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата “Жамийланын” музыкалык вариантын иштеп чыгып, комиссияга ийгиликтүү тапшырган.  

Алтымышка чамалаган мугалимдик кесибинин ичинде окуучулар үчүн көптөгөн окуу китептерин чыгарган.

Кыскасы, санай берсе тынымсыз эмгектенген Астар Тыналиев кыргыздын музыкалык дүйнөсүнө, айрыкча кийинки муунду тарбиялоого өлчөөсүз салым кошкон.

Астар аганын жаш кезинен тартып коштоп келаткан бир адаты бар эле. Аны билгендер убагында жылмаю менен айтып калышчу. Адаты ушул – тамак ичээрде жана тамак ичип бүткөндөн кийин өзүнүн идишин (кесесин, чынысын, стаканын, кружкасын, кашыгын, бычак-макисин ж.б.) спирт менен тазалачу. Каякка конокко барбасын, командировкага чыкпасын, Астар ага өзүнүн жогоруда аталган идиштерин  дайыма жанына ала жүргөнү-жүргөн. Бирөөнүн идиши менен тамак иччү эмес. Колун кайра-кайра самындап жуумайынча дасторконго олтурбай калсын. Жуугандан кийин колун өзүнүн гана сүлгүсүнө аарчыйт. Жолдош-жоролору, кызматташтары ушуларын айтып алышып, анын мындай»чудаковатый» жоруктарына күлүп калышар эле. Көзүнө айтышпаса да ушул жоруктары үчүн «чудак» деп эсептешээр эле. Көрсө, мында күлө турган эч нерсе жок экен. Эч кандай «чудачества» да жок экен. Астар ага жеке гигиенанын адамдын өмүрү үчүн кандай зарыл. кандай керектүү экенин ошол кезде эле эң сонун билчү тура. Кыязы пандемиядан кийин Астар Тыналиевдин жеке гигиенаны сактоо принциби, кыргыздар үчүн сабак боло турган, ар бир жаран дайыма колдоно турган жол болот окшойт.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button