Дүйнө

Коронавирустан сакайган бир донордун каны төрт кишини айыктырышы мүмкүн

Кан кую Борборунун врачы, америкалык Брюс Сэйкисстин сөзүнө караганда, коронавирус менен ооруп сакайган киши бул вирустан жабыркаган бейтапка донор боло алат. Андан бир эле жолку алынган кан төрт бейтапга жардам берет, деп жазды, Gazeta-pravda.ru, 8-апрелде.

Коронавирус жуктуруп алгандардын көпчүлүгү адагенде бир нересе жөнүндө гана жалынып-жалбарып суранышкан: өзүлөрүнүн эң жакындарына, туугандарына, досторуна жана коллегаларына жугуп калбаса экен дешип. Эми болсо, айгып чыгуу бактысына туш болгондор, алардын канында ооруган адамдарга кереги тие турган бир нерсе пайда болду деген терең ишенимде. Алардын ишеничи негиздүү.  Анткени, айыккан адамдардын канынын плазмасында, алардын организми илдетке каршы күрөшүп атканда иштелип чыккан антитела бар. Алар (антитела) оорунун курч фазасында турган бейтаптарга өлүм алып келе турган илдеттен айыгууга мүмкүнчүлүк берет дешет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button