Окуялар
Түлкү кантип өзүн-өзү видеого тартты (видео)

Уурдоо, кууган жана күтүүсүз финал.
Американка Микайла Рейн, таза абада йога менен машыгып, анысын телефонунан видеого тартып алмак экен. Анын буту килемчеге тие электе күтүүсүз окуя болуп кеткен.
Аңгыча видеосу иштеп аткан телефонго түлкү чуркап келип, аны тиштеп алып, качып жөнөгөн. Микайла аны кууп жетип, түлкү жер казып олжосун катып коеюн деп атканда кармаган.
Болгон окуяны иштеп турган смартфондун камерасы тартып алган: өтө динамикалуу жана күтүүсүз мини-фильм видеого тартылып калган.
Микайла айтып бергендей, видеодогу түлкү — түлкүлөрдү сактоо SaveAFox уюмунун бакма жаныбары. Үч жаштагы Дикси колго аябай көнгөн, бир чети аябай тентек жана оюнзоок түлкү. Ошондуктан Рейн анын бул бейбаштыгына кенедей да таарынган жок.
Abal.kg



