Москвалык депутат пневмония болуп жаткан ырчы Надежда Бабкинаны “өлсө өлө берсин” деди

Москванын Лефортово районунун депутаты Александра Андреева, өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруканага түшкөн ырчы-аткаруучу Надежда Бабкинанын өлүп калганын каалады. Парламентарий айым, артистка Москва шаардык думасынын депутаты болуп турганда, калаанын мэри Сергей Собянин сунуштаган мыйзамдарды колдоп добуш берген үчүн, ушинтип айтканын билдирди. Бул туурасында «Взгляд» маалымат агенттиги билдирди.
«Эсиңерге салып коеюн, Надежда Бабкина «Единая Россиядан» 2014–2019-жылдары Москва шаардык думасынын депутаты болуп турганда, биздин шаарды талкалаган Собяниндин мыйзамдарынын бүт баарын колдоп добуш берген. Анын ичинде реновация боюнча мыйзамды да колдогон. Колу менен кылганды – моюну менен тартсын деп каалоо айталы», – деп жазды Андреева Фейсбукта.
Комментарийлерде «адамга өлүм тилегениңиз уят эмеспи», деп сурашса, ал “Адамга? Силер кайсы адамды көрүп атасыңар?” деп Андреева жооп жазып, ага бир нече мазактоолорун кошуп туруп “өлсө өлө берсин” деди.
Abal.kg



