Дүйнө

Британиянын премьер-министринин абалы оңолууда. Өлкөдө эпидемиялык абал татаал

Бул өтө жакшы кабар. Бирок, ошол эле учурда Улуу Британияда акыркы суткада көз жумгандардын саны 938 болду. Бул туурасында өлкөнүн финасы министри Риши Сунактын айтканына таянып, 9-апрелде Reuters билдирди.   

Мурдараак Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсондун абалы оңоло баштаганы тууралуу  кабарланган. Ал оордуна олтуруп, реанимациядагылар   менен сүйлөшө баштады. Премьердин канцелариясы, саясатчынын абалы стабилдүү экенин,  дарылоо жардам берип жакшы боло баштаганын белгилеген.

Эпидемия башталгандан бери Британияда 7 097 киши каза тапты, инфекция 60 734 адамдан табылды, акыркы суткада 5 492 жаңы учур катталды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button