Коом

Коронавирус. Бүгүн дагы 10 кишиден аныкталды, жалпы 280 ге жетти

Бүгүн, 10-апрелде Кыргызстанда дагы 10 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктурганы аныкталгандардын арасында эки медицина кызматкери бар.

«Бишкекте бир кишиден, Ноокатта бир, Ош ошаарында үч, Сузакта төрт, Аксы районунда төрт кишиден коронавирус чыкты», — деди Каратаев.

Ушуну менен Кыргызстандагы жалпы бейтаптардын саны 280ге жетти. Арасында 34 медик аталган дарт менен дарыланууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button