Коом

Коронавирус. Ооруканадагы он адамдын абалы оор, бешөө реанимацияда

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 245 адам ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Коронавирус жуктурган 10 адамдын абалы оор деп бааланууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, абалы оор делген 10 адамдын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бирөө Ноокат райондук аймактык ооруканасында, төртөө Бишкекте Республикалык клиникалык ооруканасында.

Ал эми жалпы жонунун учурда COVID-19 жуктурган 245 адам ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. 35 киши айыгып үйүнө чыгарылды.

Кыргызстандагы өпкөнү сезгентүүчү ооруга кабылгандардын саны 280ге жетти. Анын 147си аял, 133ү эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен күрөшүүдө.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button