Маданият

Коронавирус. Бир суткада дүйнөдө 54670 кишиге жукту(Статистика)

Акыркы суткада дүйнө жүзүндо 54миң 670 киши коронавирус жуктуруп алды. Бул боюнча атайын изилдөөлөрдүн онлайн-картасы көрсөттү.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө   1 миллион 484 миң 811 киши ооруп жатат. Алардын ичинен АКШ 431838,  Испания 148220, Италия 139422, Германия 113296, Франция 113982, Иран 64586 киши жуктурган. Бул вирус дүйнөдө 184  өлкөгө жетти.

Ал эми бул илдеттен 320 миң адам айыгып чыгып, бир суткада 28 миң 746 адам айыкты.

Ал эми бул вирустан каза болгондордун саны дүйнөдө 88 538гежетти. Бир суткада 6419 киши көз жумган учурлар да болду. Италияда 17669, Испанияда 14792, Францияда 10869 адам көз жумду.

Коронавирус бүгүнкү күндө Кыргызстанда — 280 киши катталды, Казакстанда -727, Өзбекстанда  — 545.

Ал эми Борбордук Азияда Тажикстан менен Түркмөнстанда бул илдет расмий каттала элек.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button