Ош облусунда ооруга чалдыккан медкызматкерлердин иши териштирилет

Ош облусундагы медкызматкерлердин тобу менен ооруну жуктуруп алуу учурларын иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, медкызматкердин вирусту жуктуруунун ар бир учуру боюнча териштирүү жүрүп, тийиштүү баа берилет.
9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоонун 34
кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер жана
медайымдар, инфекционисттер жана лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын
жумушчулары жана кир жуугучтар бар.
“Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана
өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын
так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз
бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, – дейт саламаттык сактоо министри Сабиржан
Абдикаримов.
Эскерте кетсек, Ош облусунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери алар тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды четке кагып, интернет тармагына арыздарын жарыялашкан эле.
Abal.kg



