Дүйнө

Сауд Арабиясынын 150 ханзадасы коронавирус жуктурушту. Ажылыкка тыюу салынабы?

Сауд Арабия королунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн 150 ханзадасы коронавирус жуктуруп алган болуш керек, деп билдирди 9-апрелдеThe New York Times, өзүнүн маалыматтарына таянып — МК.

Ооруканага жаткырылган ханзадалардын бири Эр-Рияддын губернатору экени айтылган.

Король Салман өзүн-өзү изолияциялап, Джиддадан алыс эмес Кызыл деңиздеги аралдардын бирине жайгашкан  сарайында. Тактынын мураскору  ханзада Мухаммад ибн Салман дагы өзүн-өзү изоляциялаган, ошондой эле падышачылыктын бир нече министрлери да ушундай эле абалда. Ошондой эле тандамал ооруканда, королдун үй-бүлө мүчөлөрү үчүн  жата турган 500 жай даярдылды.

Мындан мурда Сауд Арабиясы коронавирустан айынан катуу карантин киргизген. Дарыканага жана азык-түлүк дүкөнүнө барууга гана уруксаат берилген. Падышачылыкта, ушул күнгө карата 2 795 диагнозу бышыкталган коронавирус жуктурган бейтаптар бар. 41 киши илдеттен курман болду. Ошону менен бирге эпидемия жайылып кетүү коркунучунан улам бул жылы ажылыкка тыюу салынат деген каңшаар бар.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button