Окуялар

Коменданттык саат учурунда акча салынган терминалды уурдап кетишкен

Бишкек милициясы коменданттык саат учурунда акча салынуучу терминалды уурдап кеткендердин изине түштү. Бул тууралуу 10-апрелде баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын сөзү боюнча, окуя 6-апрелде болгонун айтып Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына терминалдын ээси кайрылган. Ал терминалдын баасы 1,5 миң доллар турарын, ичинде 61 миң 500 сом бар экенин айткан.

Орозалиев: «Биз аларды «Коопсуз шаардын» жана шаардык милициянын командалык борборунун камераларына тартылып калган видео боюнча аныктадык. Жакында кененирээк маалымат берилет», — деди.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button