Пакистанда даваатта жүрүп, коронавирус жуктурган адам каза болду

Пакистанда коронавируска чалдыккан кыргызстандык жаран, «Таблиги Жамаат»* диний кыймылынын мүчөсү көз жумганын жергиликтүү басылмасы жазып чыкты.
Агенттиктин маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран 9-апрелде Лахор шаарынын Майо госпиталында каза тапты. Ал бул жерге Райвинда Марказа клиникасынан апрелдин башында которулган.
Маркум 73 жашта болгон. Эркек киши COVID-19 вирусунан тышкары кант диабети менен жабыркаган.
Ал эми коронавирусту алдын алуу боюнча түзүлгөн Республикалык штабдын айтымында, 1947-жылы төрөлгөн кыргызстандык жүрөк оорусунан каза тапкан. Анда COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган.
«Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Улгайган курагынан улам анда башка тубаса илдеттери да өрчүп кеткен. Маркумдун туугандарынын макулдугу менен сөөгү Пакистанга коюлду » — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, учурда көз жумган кишиден тышкары Пакистанда коронавирус жуктурган алты адам бар.
Ал эми Пакистандын өзүндө COVID-19 жуктургандарын саны эки миңден ашты. Анын 662си «Таблиги Жамаат» диний кыймылынын мүчөлөрү.
Abal.kg



