Казакстанда өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды

Казакстандын бийлиги өзгөчө абал режимин апрелдин аягына чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү ММК булартары жазды.
Маалыматка караганда, 10-апрель күнү президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өзгөчө абал режими боюнча Мамлекеттик комиссиянын онлайн-жыйыны болуп өттү.
«15-апрелде өзгөчө абал киргизүү боюнча Жарлыгым аягына чыгат. Бирок учурдагы абалыбыз режимди жок дегенде апрелдин аягына чейин узартуу керектигин көрсөтүп турат. Мындан тышкары, Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарларында жана бир катар облустарда карантин уланат. Элдин сыртка чыккысы келип турганын жакшы түшүнөм, бирок азыркы шартта обочолонуудан башка арга жок», — деди Токаев.
Эскерте кетсек, азыркы тапта Казакстанда 802 адамдан коронавирус табылган, алардын 60ы сакайып кетти. Ал эми тогуз киши көз жумду.
Abal.kg