Жалал-Абад ОИИБ: «Кыргызстан сасык, карантин бүтсө кетем» деген аял кармалды(видео)

2020-жылдын 11-апрель күнү «Аргумент КЖ» сайтында жана вотсап түйүндөрүндө белгисиз аял киши «Кыргызстан жан анда жашаган кыргыздар сасыктар, карантин бүтсө мен кыргызстандан кетемин» деген жаман сөздөр менен коштолгон видео тараган.
Көп өтпөй ошол эле аял киши анын баракчасына жазылган комментарийлерге «мени менен ишиңер болбосун жана силер да өз ишиңерди кылгыла» деген сыяктуу кайрылуу жасаган. Аталган видео соц.түйүндө инстаграмм жана фейсбук колдонуучулардын арасында терс пикирлерди жана толкундоолорду жараткан.
Ал эми 2020-жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган жарандын өздүгү жана жашаган дареги аныкталып, мыйзам чегинде чара көрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ШИИБге алынып келинип, бул видео факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын ЖКнин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын тургуну 1996-жылы туулган К.М. өзүнүн видесу боюнча туура эмес кылгандыгын түшүнүп, кечирим сураган жана өкүнүп, мыйзам алдында жооп берерин билдирип кайрылган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантынын басма сөз кызматы