Британиялык чалгындоо коронавирустун кандайча чыкканын айтты. АКШда айып жок
Биокоопсуздук боюнча америкалык эксперт, профессор Ричард Эбрайт Ухандагы (коронавирустун эпидемиясы жайылган Кытай шаары) лабораторияларда вирустарды изилдөөдө техникалык коопсуздук сакталган эмес деп эсептейт. Эксперттин сөзүнө караганда коргооочу деңгээл «4төн» төмөн болбош керек, а иш жүзүндө Кытайдын окумуштуулары коргоочу деңгээлдин «2» классын гана пайдаланышкан деген пикирде.
Улуу Британиянын истеблишменти коронавирустун пандемиясы Кытайдын Уханындагы лабораториядан чыгышы мүмкүн деп божомолдойт. Бул туурасында Daily Mail билдирди, деп , REGNUM 6-апрелде маалымдаган.
Басылманын маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү, COVID-19 Ухандагы вирусология институту менен ооруларды көзөмөлдөө борбору жайгашкан лабораториядан тарап кеткендигин күбөлөндүрө турган чалгындоо далилдери бар деп айтты.
Ошол эле учурда Бириккен Королчулук жалпы кабыл алынган версияны – коронавирустун жаныбарлардан адамга жукканы Ухандагы базардан башталган деген пикирди тутунат.
COVID-19дун лабораториядан чыгып кетени тууралуу версиялар мурда да айтылып келген. Маселен 12-мартта Кытайдын Тышкы иштер министрлиги вирус КЭРге АКШнын аскерлери аркылуу келиши мүмкүн деп жарыя кылган. Анткени, бул мекеменин маалыматы боюнча мурда-эпидемия башталганга чейин эле коронавирустан каза тапкандар болгон. АКШнын президенти Дональд Трамп бул шектенүүлөрдү таптакыр четке каккан.
Abal.kg