Дүйнө
Белорусияда 301 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Медиктер иш таштай баштады

Белорусияда 301 дарыгер вирус жуктуруп алганы тууралуу Rbc.ru басылмасы жазып чыкты. Көпчүлүк жуктурган дарыгерлер Витебск облусунун ооруканасында катталган, алардын оорусу эч кандай белгилери жок өтүп жатканы айтылат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул өлкөнү коркунуч капташы ыктымал деп эскертүү бергенине карабастан, өлкө башчысы эч кандай чара көргөн жок.
Белорусиянын Минск жана Витебск ооруканасынын кызматкерлери өкмөттүн бул ооруну алдын алып, чара көрбөгөнүнөн улам массалык түрдө иштен баш тартышууда.
Учурда Белорусияда 2226 адам жуктуруп алган, 245 адам айыгып, 23 адам көз жумду.
ВОЗ Белорусия өкмөтүнө вирусту жайылтпоо үчүн чукул чараларды көрүүнү сунуштады.
Abal.kg