Коом
Өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылабы?

Кырызстандагы өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартуу сунашталууда. Бул аймактар Бишкек шаары, Ноокат району, Кара-Суу району, Ош областы, Сузак району, Ош жана Жалал-Абад шаарларына тиешелүү.
Штабдын билдирүүсүнө таянсак учурда коронавирус жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатат. Мындай сунуш менен Республикалык ыкчам штабы президентке сунуштады.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктурган 419 адам аныкталган, алардын ичинен 79 медик, 67 адам айыгып чыкты жана беш адам каза болду.
Ал эми, Президент С.Жээнбеков өзгөчө абалды узартуу сунушуна кандай баа берет, азырына расмий маалымат бериле элек.
Abal.kg



