Коррупционердин адамы сырттан келген жардамдардын отчетун алгысы келеби?

Алты жыл бою мамлекетти шоопуру, жансакчылары, катчы, кампачылары, “оң кол, сол колдору” менен биргеликте талап-тоноп мультимиллионер болуп алган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев коронавируска каршы күрөш үчүн өлкөбүзгө эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден келген жардамдар боюнча өкмөт элге отчет берсин деген талап менен “Фейсбуктагы” баракчасында кыйкырып чыкты.
Албетте, ар бир тыйындын эсеби болушу керек. Өзгөчө бүгүнкүдөй оор кырдаалда чет мамлекеттерден келген, өлкө ичинен чогулган бардык жардамдардын ар бир тыйыны максаттуу пайдаланылууга тийиш. Муну учурдагы бийлик, өкмөт да эң сонун түшүнүп турат. Өкмөт бул жардамдардын ар бир тыйыны боюнча отчет берише турганын өздөрү деле айтып жатат.
Биздин бул жерде айтайын дегенибиз башка, эгерде ушул талапты катардагы башка жаран айтып чыкса туура эле кабылдасак болмок. Ал эми өлкөнү алты жыл каалагандай талап-тоноп, катар-катар хансарайларды салдырып, чет мамлекеттерге жүздөгөн миллион долларларды чыгарып кеткен мурдагы президенттин адамы айтып жатса жарашпай калат экен. Минтип башкалардан талап кылганча, адегенде өздөрү уурдаган миллиондорду кайтарып, эл алдында жүзү жарык болуп алышпайбы десең. Ушуну Замир Жоошев Атамбаевге айта алат болду бекен?
Өзүн мультимиллионер эсептеген Атамбаевден же анын жакындарынан, аны колдогондордон учурдагы Кыргызстандын абалын көрүп туруп, бир тыйын жардам бергенин эл уга элек.
Abal.kg