Кыргызстанда коронавирустун туу чокусу 20-24-апрелде болоору божомолдонууда

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Бул тууралуу 14-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«20-апрелден 24-апрелге чейин деп жатышат. Туу чокусуна батыраак жетсек жакшы болот эле. Себеби оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин бул илдетти алдын алуу иштерине өтөт элек».
14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталып, 18-марттан бери жалпы саны 430га жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.
Коронавируска каршы республикалык штаб өзгөчө абалды дагы узартууну сунуш кылды. Муну адистер оорунун жайылышы туу чокусуна жете электиги менен негиздөөдө.
Abal.kg