Саясат

Президент Кыргызстанда өзгөчө абал режимин узартуу жарлыгына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.  

Эми акыркы чечимди парламент кабыл алат.

Эске салсак, аталган шаар, райондорго коронавирустан улам өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Кыргызстанда коронавирустун жайылуусу басаңдай элек. Өлкө боюнча коронавирус аныкталган адамдардын саны 430га жетти. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп жатып, коронавирус менен күрөшүүдө алдыдагы жума өтө маанилүү экенин айткан эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button