Коом
Россия Кыргызстанга 200 ПЧР тест-системаларын берет

Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарымсыз негизде коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн 20 миң анализ чыгарууну шарттаган 200 топтом көлөмүндө ПЧР тест-системалардын кезектеги партиясын берди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Көрсөтүлгөн ПЧР тест система топтомдору Кыргызстанга 2020-жылдын 15-апрелинде жеткирилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 коронавирус менен күрөшүүгө көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирет,- деп жазылат маалыматта.
Abal.kg



