Комендант Ж. Жоробеков: Мамлекеттин башкы байлыгы бул — элдин саламаттыгы

2020-жылдын 13-апрелден 14-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп – 23 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 1261 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 6 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 81 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 95 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
“Урматтуу мекендештер, азыркы учурдагы түзүлгөн шарттарга, өзгөчө абал тартибин мүмкүн болушунча түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуу бололу. Бүгүнкү күндө оору чыккан уюгунда өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып иштеп жаткан медицина, санитардык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматкерлердин эмгеги эбегейсиз зор. Ооруга чалдыккандарды аныктоо, аларды дарылоо алар менен ошол процессте чогуу болуунун өзү да кыйынчылык. Бул илдетке, сыноого баарыбыз биринчи жолу кабылып жатабыз, бирок ошого карабастан медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы эмгегин көрүп мен Комендант катары жогору баалап жатамын.
Учурдун талабы элдин саламаттыгы алдыңкы орунда турат андыктан – “Дени сак улут, дени сак өлкө” демекчи, мамлекеттин башкы байлыгы бул — элдин саламаттыгы”,-деп комендант Ж. Жоробеков өз кайрылуусунда билдирди.
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантынын басма сөз кызматы



