Дүйнө

Саламаттык сактоо уюму: пандемия бир — бир жарым жылда токтойт – вакцина табылганда

Жаңы коронавирус 2009-жылдагы глобалдуу пандемияны пайда кылган свиной грипптен 10 эсе көп өлүм алып келе турган илдет.  

Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) билдирди. Муну толук токтотуунун жападан жалгыз жолу – бүтүндөй планетанын  элин эмдөө (вакцинация) болуп саналат.

ВОЗдун жетекчиси Тедрос Адхан Гебрейесус Женевада өткөн 15-апрелдеги виртуалдык брифингде, уюм коронавирустун жайылышына дайыма мониторинг кылып жатканын айтты. Вирус ушул күнгө карата  120 миң кишинин өмүрүн кыйды, 2 миллиондон ашык адамга жукту.

«Биз бир нерсени жакшы билебиз — COVID-19 өтө тез тарайт; биз дагы бир нерсени билебиз — ал 2009-жылдагы грипптин глобалдуу  пандемиясынан 10 эсе көп өлүм алып келүүдө», — деп айтты ал.

Гебрейесус дагы минтип эскертти:

«COVID-19 өтө тез ылдамдыкта жайылды, бирок ал өтө жай басаңдайт”.

Жеңиш бир – бир жарым жылда гана келет. Бул уюмдун жарыя кылынган билдирүүсүндө айтылгандай: «инфекциянын адамдан адамга өтпөй толук бойдон токтошу үчүн, коопсуз жана эффективдүү вакцинанын иштелип чыгышы  жана пайдаланууга берилиши шарт. Мындай вакцина 12-18 айдын ичинде пайда болушу ыктымал”,  деген ишенимде, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ).

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button