Коом

Апрель-май айларында чет өлкөдөгү 2000дей мекендештерибиз алынып келинет

Кыргызстанда жайга чейин 2000дей мекендештерибиз чет өлкөдөн алынып келинет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нуролот Усенбаев брифинг учурунда маалымдады.

Усенбаевдин айтымында апрель-майда эки миңдей кыргыз жараны мекенине келерин кошумчалады:

“Новосибирскиде консул биздин адамдарга атайын барып, алар менен жолугуп жатат. Жакынкы арада каалоочуларды алып келүү маселеси чечилет. Пландалып, жогорку деңгээлде чечилди. Кээ бир жактарга автобустар жөнөтүлдү. Эки миңдей мекендешибиз апрель-майда өлкөгө алып келинет”.

Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктар маселеси 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги көйгөйлөрдүн бири болду. Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алып келингенин, азыркы тапта дагы 4371 адам келе албай жатканын, алардын 2116сы Орусияда экенин билдирди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button