Калктын аярлуу катмарларына бөлүнчү каражат. Кайсыл аймакка канча миллион бөлүндү(тизме)

9 млн сом турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн багытталды. Тийиштүү чечим Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди.
Жашоо-шарты оор үй-бүлөлөр үчүн гуманитардык көмөк алууга билдирмелер каралды.
Келип түшкөн билдирмелер каралып жана талкууланган соң, өзгөчө абал режими киргизилген калктуу конуштардагы кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебинен төмөнкү аймактарга:
Ош шаарындагы (4 млн сом),
Нарын шаарындагы (1 млн сом),
Жалал-Абад шаарындагы (1 млн сом),
Сузак районундагы (2 млн сом),
Ноокат районундагы (1 млн сом) муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү максатында тамак-аш продуктуларын сатып алууга каражат бөлүү чечими кабыл алынды.
Abal.kg