Коом

Москвадагы эки хостелде келе албай калган кыргызстандык 94 жаран жашоодо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөн тышкары жүргөн кыргызстандыктардын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Москва шаарында (Россия Федерациясы) эки хостелде республиканын 94 жараны жашоодо.

«Оренбург областынын Соль-Илецк шаарындагы 100 жаранга азык-түлүк, медициналык маскалар жана башка зарыл товарлар түрүндө 161 миң сом суммасындагы көмөк көрсөтүлгөн. Новосибирскидеги 143 жаран 20-апрелге чейин хостелдерде болушат, бул жардам Эл аралык миграция уюму миссиясы тарабынан көрсөтүлүүдө. Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын азык-түлүк жана медициналык маскалар менен камсыздоо маселеси чечилген. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандарыбыздын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө», — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button