Коом
ИИМ.Милиция кызматкерлери вирустан коргонуу флешмобун өткөрүүдө(видео)

Кыргызстан. Коронавирус. Карантин. Коменданттык саат. Өзгөчө кырдаал. Өзгөчө абал.
Кыргызстанда ушулардын бардыгын көзөмөлгө алган тартип сакчылары коронавирустан коргонуу флеш-мобун кезек-кезеги менен өткөрүшүүдө.
Бул видео-роликте Бишкек-Нарын-Ысык-Көл-Баткен-Чүй облусунун милиция кызматкерлери, вирустан сактануу жолдору боюнча бири-бирине кезек сунуп, иштеп жаткан кызматтарын кошо камтышкан.
ИИМ кызматкерлеринин позитивдүү ролигин көрүңүздөр:
- Бишкек милициясы Нарын милициясына өткөрүп берди. Бул видеодо Бишкек менен Нарын тартип сакчыларыныкы бирге болуп калган.
- Ысык-Көл облусунун милициясы. Нарындан алган флеш-мобго жооп. Ысык-Көл милициясы Баткендеги милицияга кезек узатты.
Баткен милициясы Ысык-Көл милициясынан алган кезекти Чүй облусуна узатты.
Чүй облусунун милициясы Баткен облусунан алып, кезекти Талас милициясына берди.
Чүй облусунун милиция кызматкерлери Талас облусундагы кесиптештерине кезекти беришти.
Abal.kg