Гуля Алманбетова “көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөм, көргүм келбейт” деп кимге жазган?

Бишкек шаарынын кеӊешчиси Гуля Алманбетова өзүнүн “твиттердеги” баракчасына “Мен көп балауу үй-бүлөлөрдү жек көрөм, көргүм дагы келбейт”- жазды. Учурда Бишкек мэриясы аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам таратып жатат.
Эскерте кетсек, Гуля Алманбетова буга чейин уят сөздөр менен сөгүнүп, коомчулуктун талкуусунда калган.
Ал эми Гуля айымдын көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөм деп жазганына коомчулук анын кызматтан кетирүүсүн талап кылууда.
Бирок, ал кайра эле өзүнүн жеке баракчасына “Мен жеке үй бүлөм жөнүндө жаздым. Ким бирөө өзүнө алса — кечирим сураймын. Көп бала — ырыс алып келет. Согуш бүтүп эл журт аман болсун. Теңирим колдосун ар бир адамды” деп жазды.
Гуля айымдын жазганына каршы пикирлер жазылып, ага чейин көп балалуу үй-бүлөлөр тууралуу жазылган терс пикирлерин да сынга алышууда.


Коомдук активист Аманбол Бабакулов фейсбуктагы жеке баракасына анын кызматтан кетирүүсүн талап кылып, видео-кайрылуу жасады.
Abal.kg



