Окуялар

ИИМ: Москвада өз баласына зомбулук көрсөткөн адамга текшерүү иштери жүрүп жатат(видео)

2020-жылдын 17-апрель күнү Кыргызстандын жарандарынын арасында «WhatsApp» мессенджеринде жана «Facebook, Instagram» социалдык тармактарда Москвада Кыргыз Республикасынын жараны өз батиринде өзүнүн жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөн видео тарап, ал коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, водеодогу адамдын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды. Ошондой эле, иликтөөнүн жүрүшүндө ал  үй-бүлөсү менен кошо  2019-жылы 16-октябрында Россия Федерциясына учуп кетишкендиги жана  учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча  Кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФдин мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп,  Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.

Андан сырткары, Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ж.Э. атуу жаран үй-бүлөөсү менен убактылуу жашаган дарекке чыгышып, аталган окуя 2020-жылдын 16-апрель күнү саат 11:00 болгондугу, аны Жалал-абад облусунун Ала-Бука районунда 1987-жылы туулган жубайы Ж.Ж. телефонго тарткандыгы жана «WhatsApp» мессенджери аркылуу атасына жөнөткөндүгү аныкталган. Ал эми атасы туугандарына «WhatsApp» мессенджери аркылуу жөнөтүп койгондуктан, ал социалдык тармактарга тарап кеткен.

Азыркы учурда аймактык бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте аталган фактыга юридикалык баа берүү үчүн териштирүү жүрүүдө. Учурда полициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери аталган окуяга тиешеси барлар суралууда.

Андан сырткары, жогорудагы үй-бүлөнүн үч баланы тарбиялашууда. Учурда жубайынын 5 айлык кош бойлуу  экендиги маалым болду.

https://www.facebook.com/Askat.Aliev80/videos/918125475324683/?t=2

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button