Комендант Ж.Жоробеков: Биз жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жооптуубуз

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.
2020-жылдын 17-апрелинен 18-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 26 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 10 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 1538 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 5 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 112 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 104 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
Урматтуу мекендештер, учурда саламаттык сактоо багытында жакшы жаңылыктар бар, ылайым эле ооругандар болбосун, биз жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жооптуубуз, андыктан баарыңыздарды ден соолукту сактоого чакырамын,- деди комендант Ж.Жоробеков.
Abal.kg



