Иса пайгамбардын ролун жаңы фильмде Майкл Джексондун 22деги кызы ойнойт
Майкл Джексондун кызы актриса жана музыкант Пэрис Джексон, «Дон Пейот», «Эски балит шаар» фильмдерин тарткан режиссер Дженелл Ширтклиффтин «Адат» (Habit) деген инди-тасмасында башкы ролдордун бирин аткарат, деп билдирди EW.

Андан тышкаары фильмде 23 жаштагы америкалык актариса жана ырчы Белла Торн да тартылып жатат. Анын каарманы (героинясы) — Иса пайгамбар менен «ооруган» көчөдөгү эле кыздардын бири. Ал наркотиккке байланышкан криминалдык окуяга туш келгенден кийин, монах аялдын кийимин кийип, жашырынууга мажубур болот. Фильмге музыкант Гэвин Россдэйл менен модель-трансгендер Андреа Пежич да тандалган. Продюсер Донован Лейтч:

«Ооба, биз бул фильмде атайын рок-жылдыздарды чогулттук, укмуштуудай саундтрек болот», деди.
Фильмдин даярдалышы коронавирустун пандемиясынан улам токтоп калган. Бирок, тасманы башынан-аягына чейин тартып алууга үлгүрүшкөн. Фильм пост-продакшн стадиясына жеткен.
Пэрис Джексондун актриса катары дебюту Оскарга номинат болгон Ли Дэниелстин «Жылдыз» деген сериалында ишке ашкан. 2018-жылы Пэрис Джексон «Опурталдуу бизнес» фильмине тартылган.
Abal.kg



