Коом

Коронавирус. Жуктургандардын саны 554кө жетти, кийинки жумада мындан да көп болоору күтүлүүдө

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кийинки жума оорунун жайылышынын туу чокусу болот деп божомолдоп жатышат. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-апрелдеги брифингде айтты.

“Алдын ала байкоолорго караганда кийинки жумада оору көп катталган учур өтүшү мүмкүн. Балким сандар дагы көбөйөт. Бирок адатта бул учур өткөндөн кийин абал турукташат. Бул мезгил өткөндөн кийин карантиндик чаралар боюнча абалды байкаштырабыз”, — деди Үсөнбаев.

Эскерте кетсек, бүгүн 19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылды. Жалпы республика боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 554 кишиге жетти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button