Врачтарга колуңарды жуугула деген доктурду медиктер жиндиканда сабатып өлтүрүшкөн

Колду дезинфекциялоочу жеке каражаттар менен жууп туруунун канчалык маанилүү экенин адамдар эң сонун билишет. Өзгөчө эпидемиянын учурунда бул процедура жарандарды вирус жуктуруп алуудан сактай турган эң башкы каражат болуп калды. Бирок, коллегаларын колуңарды таза жууп тургула деп, алардын жеке гигиенасынын оорулуулардын өмүрү үчүн кандай мааниге ээ экенин Европада биринчилерден болуп айтып чыккан венгер врачы, профессор Игнац Филипп Земмельвейсти, анын ушул ачылышы үчүн врачтар жиндиканага жаткырышып, сабатып өлтүрүшкөн.
Игнац Филипп Земмельвейс 1818-жылы Буда шаарында туулган. Вена университетин хиргургия жана акушерлик адистиги боюнча аяктап чыгып, 1846-1850-жылдары ушул эле калаада төрөт үйүндө иштеген. 1851-жылдан тартып Пешт шаарынын Ыйык Роха ооруканасын жетектеген. 1855-жылдан баштап Будапешт университетинин профессору.
Ооруканада Земмельвейс биринчи бөлүмдө төрөттөн көз жумгандардын саны экинчи бөлүмгө караганда алда канча көп экенин байкаган. Бөлүмдөр бири-биринен эч нерсеси менен айырмаланышкан эмес. Тек гана биринчисинде студенттер окушуп, алар көбүнэсе кошуна моргдо өлүктөрдү сойгондон кийин дароо эле бөлүмгө келишкен. Земмельвейс биринчи бөлүмдөгү аялдардын төрөттөн инфекция жугузуп, андан соң сепсис болуп көз жумушуна, студенттер өзүлөрү менен кошо алып келип жаткан бир нерсе себепкер болуш керек деп түкшүмөлдөйт. 1847-жылы май айында Земмельвейс кош бойлууларды көрөөрдөн мурда жана толгоосу келген аялдарды төртөөргө чейин оорукананын кызматкерлерин хлор акиташы менен колуңарды жуугула деп милдеттендирген. Ошондон кийин – колду таза жууй баштаган соң, төрөттөн каза тапкандардын саны 18,27 % тен 1,27 %ке чейин азайган. Ал эми 1848-жылы бир да аял төрөттөн көз жумган эмес.

Бирок Земмельвейстин врачтын жеке гигиенасы — колун таза жуусу, оорулуулар үчүн кандай мааниге ээ экени тууралуу гипотезасы коллегаларына дароо эле жага койгон эмес. Ал түгүл анын бул ачылышы олуттуу бут тосууларга учураган. Аны коллегалары бул жоругу үчүн катуу сындашып, ачыктан ачык эле шылдыңдашкан, куугунтукка да алышкан. Ал иштеген клиниканын директору, доктор Клейн төрөттөн өлгөндөрдүн саны кескин азайганына карабастан, И. Ф. Земмельвейске колду таза жуугандан кийин көз жумгандар азайганы тууралуу статистиканы жарыялоого тыюу салып, жумуштан кууп чыккан. Ал тургай Клейн мындай статистиканы баканооздук (донос) деп атаган.
Земмельвейс мыкты врачтарга кат жазып, конференцияларда чыгып доклад кылып, өз каражатына врачтарды жеке методуна окуткан жана төрөттөн көз жумууну алдын ала турган олуттуу илимий иш жарыялаган. Бирок, көзүнүн тирүүсүндө анын методикасы кеңири колдоого ээ болгон эмес, а бүт дүйнө жүзү боюнча аялдар төрөттөн сепсис болушуп көз жума беришкен.

Земмельвейстин колду тазалап туруу (таза жуу) идеясы медициналык коомчулукта аябагандай катуу каршылыкты жараткан. Ошондуктан, Земмельвейстин Пешт университетинде иштеген коллегасы жана үй-бүлөөлүк врач (азыркы пластикалык хирургиянын “аталарынын” бири) Янош Балласа ага атайын документ түзгөн деген маалыматтар бар. Ал документке ылайык Земмельвейсти психиатриялык ооркунада дарылоого сунуш этилген. 1865-жылы 30-июлда, врач, кадимки кычыткынын кенеси (чесоточный клещ) тууралуу ачылыш жасаган Фердинанд Риттер фон Гебра алдамчылык менен Земмельвейстен Венанын алдында жайгашкан Дёблингдеги жиндикананы көрүп келүүсүн суранат. Психиатриялык ооруканага баргандан кийин Земмельвейс коллегаларынын максатын түшүнүп, качмакчы болгон. Бирок оорукананын кызматкерлери адегенде аны сабашып, андан соң ага жоошутуучу көйнөктү кийгизип турушуп, караңгы бөлмөгө камап салышкан. Аны дарылоочу каражат катары ич өткөрүүчү препарат менен муздак сууну төбөсүнөн ылдый куюп турууну жазып беришкен. Эки жуманын ичинде Земмельвейс каза тапкан.

Abal.kg



