Бүгүн Индонезия, Таиланд, Вьетнамдан 32 кыргызстандык келди
Бүгүн Индонезия, Таиланд, Вьетнамдан 32 КР жараны өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Бул 32 жаранды алып келүү ишине КР ТИМи, Казакстан, Малайзия, Түштүк Корея өлкөлөрүндөгү кыргыз элчиликтери жана Казакстандын Алматы шаарындагы башкы консулдук тартылган.
«Мекендештерди өлкөгө алып келүүгө Казакстан да көмөктөшкөн. Анда чартердик каттам «Бангкок — Денпасар — Ханой — Усть-Каменогорск» маршруту боюнча уюштурулган. Алгач КР жарандары Усть-Каменогорск шаарына келип, жергиликтүү санаторийге эки күнгө текшерүүгө киргизилген. Андан соң атайын уюштурулган транспорт менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда мекенге алып келинди», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта чет өлкөлөрдөн келген мекендештер медициналык мекемелердин биринде обсервацияда.
Сырттан кыргызстандыктарды алып келүү иштери уланууда.
Буга чейин чартердик каттам менен Стамбулдан 212 кыргызстандык алып келинген. 26-апрелде Дубайдагы мекендештерди алып келүү да пландаштырылууда.
Abal.kg