Окуялар

Коронавирус жуктуруп алган таксист: Өмүрү мынчалык катуу ооруну көргөн эмесмин(видео)

Кыргызстанда коронавирус жаңы катталган учурда бишкектик таксист вирус жуктуруп алганы тууралуу маалымат тараган эле. Ал таксист учурда ооруканада жатып,  кайрылуу жасаган видеосу интернет тармагына тарады. Ал:

“Кандайсынар достор,  жети күн үйдө жатып, алты күн ооруканада жатып, вирус менен алышып,  акыры вирусту да жеңе турган болдук. Бул оору жаман экен. Өмүрү мындай ооруну көргөн эмесмин, катуу температурам көтөрүлүп, демим кыстыгып,  мынчалык катуу баш оору болгон эмес эле. Күнүгө жыйырмадан клиент ташып атып, бул вирусту жугузуп алыпмын”,- деди.

Эскерте кетсек, таксист жигит  өзү билбей үй-бүлөсүнө да  жуктуруп алганы тууралуу маалымат  тараган эле.

https://youtu.be/Use_N9jn0VM

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button