Окуялар

Карантин. Көчөдө велосипед тээп ойногон балдардын оюнчугу алынат

Бишкек шаарынын коменданды Алмаз Орозалиев бүгүн брифинг учурунда балдарын көчөгө ойногону чыгарып жаткан атаэнелерге эскертүү берди.

Анын айтымында, күн жылыган сайын көчөдө, сквер, парктарда ата-энелер жаш балдары менен сейилдеп жүргөнү байкалууда.

“Кээ бири коляска менен, кээ бири велосипед тээп жүрөт. Ата-энелерге айтаарым, балдарга акыл-насаат айтып, өзгөчөө абал жөнүндө түшүндүрүп, колдон келишинче үйдө отургула. Кимде ким санитардык норманы аткарбай көчөдө жүрсө, велосипеди убактылуу алынат. Мен балдар ойногусу келип жатканын түшүнүп турам, бирок мындай жол менен ооруну жеңе албайбыз”, — деди Орозалиев.

Бул вирусту жеңүүгө аз гана убакыт калганын белгилеп, эл тарабынан чыдамкайлык керектигин айтты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button