Коом

23-апрелде Кыргызстанда жалпы элдик улуу тиленүү өтөт(видео)

ЖАЛПЫ ЭЛДИК УЛУУ ТИЛЕК

Кадырлуу кыргыз журту!

Жалпы элибиз бир күндө, бир учур-саатта үй-үйлөрүбүздөн эле тиленип, ниетибизди бириктирели!

Азыркы мезгилде ар бирибиздин көкүрөгүбүздө: «Апаат токтосун, жаман илдеттин жолу буулсун, кырдаалыбыз жеңилинен болуп, жакшылыгыбыз тезинен орносун» деген ой-тилек жашап жатат. Мына ошол мүдөөбүздүн КУБАТЫН, ДЕҢГЭЭЛИН, ЖАРЫГЫН баарыбыздын бириккен тилегибиз менен күчтөйлү!

«Тилеги бирдин — билеги бир,

Биримдүү элдин — жакшысы миң!» — дейт.

Мындан аркы таалайыбыздын да кең болушуна ишенимди бекем артып, Жалпы Элдик Улуу Тилекте бүтүндөй жер жүзүнүн бүтүндүгүн, адамзаттын оңолуусун, мекенибиздин өзгөрүп-өсүүсүн, элибиздин ынтымак-ырыскысын Жараткандан сурайлы. Элибизге, эл ичинде ар бирибиз өзүбүзгө, жакындарыбызга ыйман-ынсап, пейил-ниет, ырыскы-береке тилейли!

Убактысы 23-апрель, түшкү саат 12.00дө болот.

https://youtu.be/tWvpA3IrwlQ

Уюштуруучу топ

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button