COVID-19. Окумуштуулар оорунун өсүү моделин түзүштү. Дарылоо методун сунушташты

Коронавирустун өөрчүү модели түзүлдү.
Кытай окумуштууулары коронавируска чалдыккан адамдын канында гемоглобин бузулаарын таап чыгышты. Ошону менен бирге эле анын дарылоого мүмкүн болгон жолун да белгилешти. Бул иликтөө ChemRxivдин илимий иштердин препринттик архивинде жарыяланган. Бул туурасында 20-апрелде Lenta.ru билдирди.
Адистер, SARS-CoV-2 менен жабыркашкан көпчүлүк оорулууларда өпкөнүн газ алмашуусун камсыз кыла турган белоктун – гемоглобиндин кескин төмөндөп кеткенин байкашкан. Оорунун өсүү моделинин түзүлгөнү гемоглобин вирустун бөлүктөрүнө эмес, вирустун белокторуна чабуул коерун көрсөттү. Ал эми белоктор гемден темирди сүрүп чыгарып, порфиринди байлайт экен. Өпкөнүн чабуулга учураган клеткалары вирустун киришине сезгенүүнүн күчөшү менен жооп беришет.
Эгер алардын түзгөн модели туура болсо, анда кээ бир дарылар бул коркунучтуу дарт менен эффективдүү күрөшө алышат, дешти окумуштуулар. Маселен, безгекке каршы хлорохин дарысы гемоглобинди вирустун белокторунун чабуулунан коргойт. Ал эми вируска каршы фавипиравир дарысы белоктордун байланышын басып салып, таза клеткаларга вирустун киришине тоскоолдук жаратат. Ошол эле учурда медиктер бул тыянактар апробациядан өтө электигин, тек гана академиялык талкуулоого гана сунуш этип атышканын айтышты. Адистерде безгек жана башка вирустарга каршы дарылардын эффективдүүлүгүнө күмөндөрү бар. Маселен, хлорохиндин структуралык белокторду басып салуусу анчалык так эмес, андыктан бул дарынын терапевтик эффекти ар кайсы бейтапка ар башкача таасир этиши ыктымал.
Хлорохин Россиянын ооруканаларында коронавирус инфекциясына каршы дарылоодо колдонулуп жатат. Безгекке каршы бул дарыдан тышкаары Россиянын саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 бейтаптарын дарылоого гидроксихлорохин, лопинавир+ритонавир, азитромицин (гидроксилорохин менен бирдикте), интерферондорду пайдаланууну сунуштаган.
Abal.kg