Коом
Кара-Балтадан коронавирус жуктурган экинчи адам аныкталды

Чүй облусунун Жайыл районунда коронавирус жуктурган экинчи адамдан аныкталды. 17-апрелде Кара-Балта шаарынын жашоочусу 1988-жылы туулган жарандын анализинен коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду.
Вирус аныкталгандан кийин ал дароо Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Ушуну менен бул райондо экинчи адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды деп жазат Кара-Балта шаардык KBCITY.kg порталы.
Abal.kg