Медик: «дүйнө жүзү эмнеге кабылганын адамдар дагы эле түшүнүшө элек»

Москвадагы Склифосовский атындагы тез жардам илимий иликтөө институнун директору Сергей Петриков “дүйнө жүзү эмнеге кабылганын адамдар дагы эле түшүнүшө элек” деп айтты. Бул туурасында 19-апрелде РИА Новости билдирди.
Россияда акыркы суткаларда күн сайын илдетеке чалдыккандардын катары 4000 миңден 6000 миңге чейин өсүп жатат. Азыр Россия Федерациясынын жалпы 85 субъектисинде дартка чалдыккандар баш-аягы 47121ге жетти. Айыкканы 3446 киши, көз жумганы 405 адам.
Адис, изоляция режиминин апрелдин аягына чейин узартылганына карабастан эмне себептен дартка чалдыккандардын катары өсүп жатканын түшүндүрдү.
Эгерде көпчүлүк үйлөрүндө кранатинде олтурушса, анда эмне үчүн цифра көбөйүп жатат, деп жарандар суроо беришүүдө. Москвада жуктургандардын санынын көбөйүп жатканы – алар карантинге чейин илдетке чалдыгып калышкандар, деди Сергей Петриков. Анын сөзү боюнча инкубация мезгили эки жума. “Ошондуктан, азыр изолияция болгонго чейин ооруп калган бейтаптар чыгып атат”.
Эпидемиянын жайылып кетишине бөгөт коюу үчүн карантиндин сакталышы – өтө зарыл, деди адис.
Abal.kg