Коом

Урмат Барктабасов Балыкчыдагы имараттарын сатып, каражатты элге таратам дейт

Коомдук ишмер, Урмат Барктабасов Фейсбук баракчасы аркылуу Президентке жана премьер министрге кайрылуу жасап, элге кантип жардам берүү жолун айтты.

Ал:

«Урматтуу Президент!
Соронбай Шарипович!
Урматтуу премьер министр!
Мухаммедкалый Дүйшекеевич!
Менин сиздерге кайрылуумдун себебин айтып берейин.
Чет элде толтура жарандарыбыз келе албай жатат, алар бизге керек.
Алардын акчасы да түгөндү..Бул жерде толтура эл, акчасы түгөнүп жатат,эмне кылаарын билбей. Эл баарыбызга керек.

Кумтөр сатылсын деген да, уран чыгып кетти.
Мен каршымын.. Күмтөр элдики,турсун.. Карыз да сурап жатасыңар.

Менин Балыкчыда эки имаратым бар, ошонү саткыла, Күмтөр менен келишип.
Балыкчыда, Күмтөрдүн ишканасы жайгашкан, керектеп алат.
Мен элим менен бөлүшөйүн. Имараттарды Кумтөрдүн жетекчиси менен сүйлөшүп бергиле, сатып алганга. Сатыктан түшкөн акча, Элдин керегине жарасын.
Элиме берейин. Жаратканым да,Элим да ыраазы болсун. Бир топ эле каражат болуп берет. Элим да, өкмөт да, кайтарбай эле койсун, кайтса Жаратканымдан кайтаар.. Башым аман болсо, андай имараттын жүзүн салам.
Урматым менен
Балыкчы ш. тургуну Урмат Барктабасов.

Менин байлыгым Эл»,- деп жазды ал.

P.S. Барктабасовдун жазганы өзгөртүүсүз берилди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button