Саясат

Жакупова-Сариев-Оторбаева «үчилтиги» кумдан курулган үйдөй болбойбу?

Ушул жылдын күз мезгилинде өлкөбүздө Жогорку Кеңешке шайлоо өтөөрү белгилүү. Парламентте манчыркап отуруу үчүн мурдагыдай эле көптөгөн саясатчылар, укук коргоочулар (бейөкмөтчүлөр), журналисттер жана олигархтар ат салышканга катуу камданып турушканын да билебиз. Мына ушундай кырдаалда парламентке кирип алганга чейин болсо да «союздаш» болуп турууну чечкендер болот. Андайларды буга чейин да көп көргөнбүз, эми да көрүп жатабыз.

Бул жолу «Адилет укуктук клиникасы» коомдук фондугун директору, Чолпон Жакупова, мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана «24.kg» маалымат агенттигинин башкы директору Асель Оторбаев «үчилтиги» куралганы белгилүү болду. Бул үчөөнүн ар биринин өздөрүнө бөлүнгөн «рольдорун» ойной башташканын да айтып коелу.

Чолпон Жакупова көнгөн адаты менен катуураак кыйкырып, бийликти кандай жагдай болсо да сындап туруу милдетин алган. Ал азыркы мамлекет жетекчилигин «псевдоэлита» деп атап жатканын да угуп жатабыз, кыязы өзүн чыныгы элита санайт окшойт.

Темир Сариев болсо өтө акылдуу адамдын образын жаратып, көйгөйлөрдү чечүүнүн чечимдери тууралуу өзүнүн сунуштарын айтып баштады. Мисалы, «Кумтөрдү» сатыш керек деген сунушун жакында эле айтып чыкты. Бирок, мындай сунуштун эч кимге кереги жок экенин өзү да түшүнүп калды окшойт.

Ал эми Асель Оторбаев өзүнүн сайтына ушул экөөнүн оозунан чыккан сөздөрдү үзгүлтүксүз жарыялап тура турган болду.

Бул үчөө күн алыс ачык да, жабык да жолугушуп, кимди «талкалап», кимди мактап туруш керек экенин кеңешип турушаары айтылууда. Анан дагы Чолпон Жакупова Батыштан шайлоого карата демөөрчү табам десе, Сариев кошуна Казакстан тарапты карап турганын айтышууда.

Эскерте кетсек, Темир Сариев премьер-министрлик кызматка чейин көтөрүлдү. Бирок, Балыкчы-Корумду жолун курдурууга  байланышкан ызы-чуудан улам кызматтан кеткен. Жакупова болсо жалаң гранттар менен иштегендиктен, чет мамлекеттин гана саясатын жүргүзөт. Оторбаева булардын оозунан чыккан бардык сөзүн жарыялап турат. Анан ушундайлардан өлкөгө кандай пайда болушу мүмкүн деген суроо туулат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button