Дүйнө

Лукашенко өз жарандарын өлүмгө түртүп, Европанын да түбүнө жетеби?Француздар кыжаалат

Белорусиянын бийлиги COVID-19дун коркунучу өлкөдө жок деп, башка мамлекеттердин саламаттыгын тобокелге салып жатат, деп жазды 17-мартта “Утро.ру”.

Белоруссиянын айынан Европа коронавирусту жеңе албайт. Бүт дүйнө экономикалык чоң жоготууларга учураганына карабастан, катуу карантинге жабылып, эпидемия менен кармашып жаткан чакта, Белорусь президенти Александр Лукашенко бизде эч кандай коронавирус коркунучу жок деп, илдеттин жайылышына каршы таптакыр чара көрбөй жатат.

«Белоруссия – COVID-19ду алып жүрүүчү жай кыймылдагы бомба”, деп жазды француздардын Liberation газетасы. Республикада мектептер, ресторандар, соода борборлору, стадинондор иштеп, чек ара чет өлкөлүктөр үчүн ачык бойдон калууда. А президент Лукашенко болсо күн сайын телевизордун экранынан,   ишканалардын ишин токтотуп, адамдарды  өзүн өзү изоляциялоого жиберип «өлкөнү чөгөлөтпөйм», деп какшап жатат.

Көптөгөн даттануулардан кийин, ошондой эле эл аралык уюмдардын кайрылууларынан улам, Минскиге келишкен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык  сактоо уюмунун адистерин алдашып, эксперттерге мыкты жабдылган борбордук оорукананы көрсөтүшүп, COVID-19 менен ноокастап калган бейтаптарды дарылоого туура келип кала турган болсо, анда баардык шарттар бар деп, көздөрүнө топурак чачышкан.

Белорусь презденти А. Лукашенко

Расмий маалыматтар боюнча республикада вирус жуктургандардын саны бар болгону 4 миңдин тегергинде гана, эч ким көз жумган жок (45 киши каза тапкан деп расмий айтылууда). «Бүтүндө маалымат катуу көзөмөлдө болсо, айып ачкандарды куугунтукка алса, а катардагы врачтарга телевидениеде сөз бердиртпесе, ушундай статистикага кантип ишенүүгө болот?”, – деп жазат басылма.

Француздардын пикири боюнча Белоруссия мындан 30 жыл мурдагы СПИД менен болгон кырдаалды кайрадан кайталап жатат. Анда да республиканын жетекчилиги ВИЧ жугузгандар өлкөдө  жок дешип, көпкө чейин врачтарды ооруну моюндарына алдыртпай, дартка чалдыккандарды дарылатпай, ал эми өлгөндүгү тууралуу актыга башка себептерди жаздыртышкан. «Бул жолу мунун аягы өтө жаман бүтүп калышы мүмкүн, -деп чочуп жатышат француздар. –Лукашенко өз жарандарын өлүмгө түртүп, а Европаны болсо алдап атат”, дешет.

Ушунун алдында эле Лукашенко коронавирусту наркомандар үчүн “эң жакшы сабак болду” деп айткан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button