Дүйнө

Россияда коронавирустан эмдөөчү вакцинанын клиникалык сыноосу 1-июнда башталат

Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы эмдөөчү вакцинасы, клиникалык иликтөө этабына 1- июндан баштап өтөт, деп билдирди, 20-апрелде, Улуттук Гамалей атындагы эпидемиология жана  микробиология иликтөө борборунун директору Александр Гинцбург, Россиянын президенти Владимир Путин менен өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туурасындагы жыйыныдын учурунда. Бул туурасында 20-апрелде ТАСС билдирди.

31-майга чейин клиникалык сыноолордун баардык комплексин бүтүрүү пландалууда.

«Азыр айтылган даталарга, акыркы мөөнөттөр катары карабаңыздар, булар  жумушчу гана цифралар. Түшүнүктүү да, өзгөрүп кетиши да мүмкүн. <…> 31-майга чейин клиникалык сыноолордун баардык комплексин бүтүрүү пландалууда, а  1- июндан тартып клиникалык  иликтөөлөргө өтөбүз», — деди ал.

Эскерте кетсек, COVID-19га каршы дары Россияда даяр экенин, саламаттык  сактоо министри Владимир Путинге билдирип, 20-апрелдерден тартып клиникалык сыноолор (адамдарга) башталат деген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button