Жакшы жөрөлгө. Ивановка айылынын жаштарынан кайрымдуулук(видео)

Чүй облусунун Ивановка айылынын жаштары коомчулукка үлгү болчу кайрымдуу иштерди жасап жатышат. Бул тууралуу “Ивановка жаштар ынтымагы” деп аталган жаштар тобунун өкүлү билдирди.
“Ивановка айылы көп калктуу жана көп улуттуу чоң айыл. Эпидемияга байланыштуу «Ивановка жаштар ынтымагы» деп аталган атайын жаштардан түзүлгөн топ бар. Колунда барлар каражат чогултуп 75 муктаж үй-бүлөгө, майыптарга, жетим-жесирлерге атайын жардам баштыкчасы таркатылды. Баштыкчада;
2 форель
3кг кум шекер
3кг күрүч
2 литр май
2кг макарон
2кг лапша
2 кг пияз
10кг ун
Чай,туз
Балык баккан ишкерлер да балык беришти. Бул саамалык көп улуттардын башын бириктирди. Айылда кыргыз, дунган, орус, уйгур, тажикстандыктар жашайт.
Андан башка дагы азыр сыналгыдан сабак өтүлүп жаткандыктан кээ бир үй бүлөлөрдө телевизор жок экен. Кимде ашыкча телевизор, антенна болсо таап орнотуп бердик. Жаш балалуу жакыр үй- бүлөлөргө памперс да сатылып берилди»,- деп жазылат маалыматта.
Кыргызстанда азыр абал оор. Бирок ушундай оор кырдаалда баш көтөрүп, колунда жок, кароосуз калган карыяларга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, калктын аярлуу катмарына кол сунуп, жардам берген Ивановка айылынын жаштары коомчулукка үлгү көрсөтө алышты. Бул жаштардын жакшы иштери Кыргызстандын башка аймактарындагы жаштардын намысын ойготуп, аларга да стимул берет деген үмүт бар.



Abal.kg